www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр чыккан Орок айлына барганы үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакыртылды.
ТИМ чет өлкөлүк дипломатты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат.
Айылда жабырлануучулардын туугандары чогулган. ИИМдин маалыматы боюнча алар үйлөрдүн бириндеги жыйылып турган чөптү өрттөп, 12 тамдын, короодо токтоп турган автоунаалардын терезелерин сындырышкан.
Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан. Бирок социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары анын аракетин өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттады.