www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манасчы Дөөлөт Гиннестин рекорддор китебине киреби?

 1950-жылдардын ортосунда атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен менин атам Келдибек бир бөлмөдө курортто дарыланып калышат. Айтып калчу эле жарыктык, жаңы барганда Саякбай Каралаевди ар ким чакырып, күнү-түнү жок болуп эл кыдырып жүрдү. Аяктап калганда чакыргандар бүттүбү, томсоруп эле бөлмөдө отуруп калды. Ушундай күндөрдүн биринде, эшикке чыксам бир “Волга” токтоп, ичинен салабаттуу адам чыгып, Саякбай Каралаевди издей баштады, мен жетип барып, азыр чакырып келейин деп, ээрчитип келдим. Экөө жашып, далайга кучакташып турушту. Көрсө, ал ааламды баш ийдирген атактуу жазуучу Мухтар Ауэзов экен. Ал белгилүү манасчы Саякбай Каралаевди урматтап атайын учурашканы келиптир деп. Ошол бойдон атам шаарга барган сайын “Дзержинский бульварынанда” турган Саякбай Каралаев көзү өткүчө барып учурашып турчу экен.

Биз менен жармакташ келаткан казак эли бир убакта “Манас” эпосу бизге да тиешелүү деп талашкан экен. Ошондо казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов чыгып: “Баурдастар, “Манас” кыргыздыкы, “Манас” биздики деп талаша турган болсоңор, кана казак элинде бир манасчы барбы? “ –деп казактардын жаагын жап кылып Манасты кыргыз элине ыйгарыптыр. Кыргыз элинде эмне деген манасчылар чыкпады Найманбай, Акылбек, Саякбай, Сагынбай ошолордун изин суутпай Дөөлөт кыргыздын намысына жарап, дүйнөгө Манастын атын даңазалалап жаткан манасчы.

14-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк рекорддор күнү. Кыргыз дөөлөтү Манас болсо, Манастын дөөлөтү –Дөөлөт. Мына ушу күндү утурлап, манасчылык өнөрдү аздектеп келген белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөттө манас айтуу менен Гиннестин рекорддор китебине катталуу аракетин кылмакчы. Дүйнөгө “Манас” айтуу менен кыргызды тааныткан  Дөөлөттүн аты, Гиннестин рекорддор китебине алтын тамгалар менен жазылып калса кыргыз эли сыймыктанар эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости