www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги эркин журналист, саясат талдоочу  Айданбек Акматов менен президентти тандоо критерийлери тууралуу пикир алыштык.

-Айданбек мырза, Президенттик шайлоого аттана тургандардын аты атала баштады. Бу сапар президенттик кызматты эңсегендерди кандай критерийдин негизинде тандашыбыз керек?

-Туура, 10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөндөр БШКга арыздарын бере баштады. Бүгүнкү күнгө карай алардын саны төрткө жетти. Биринчиден болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Талапкерлердин саны дагы өсөт, көбөйөт. Мына ошолор ичинен татыктуусун тандап, шайлап алышыбыз керек.

Кыргызстанга кандай президент керек? Кыргызстан мыйзамдарын, конституциясын билген, бүгүн бирди айтып, эртеси башканы айтпаган президент керек. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргогон, Кыргызстандын эл аралык аренада татыктуу алып жүргөн президент керек. Санай берсе президент үчүн талаптар абдан көп. Ушулардын баарын элибиз таразалап, анан чечим кабыл алыш керек.

-Эл президент болгусу келгендердин программасына маани береби же дебатта жалындуу сүйлөп койгондору эле көбүрөөк добуш алабы?

-Эл талапкерлердин позициясына, билимине да маани берет. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жөнүндө айтсам, кээ бир жерлерде добуштарды сатып алуулар, административдик ресурсту колдонуулар элди азгырып кете албады. Жеке мен өзүм Кадамжай районунда ушундай абал болду деп айта алам. Мен ал жерде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышып, шайлоо кандай өткөнүн өз көзүм менен көрдүм, аралаштым. Бийлик партиялары бюджет кызматкерлерин, мамлекеттик мекеме кызматкерлерин кысымга алып, форма №2 толтуртуп, акча таратып, колунан келишинче аракет жасады. Бирок жалпы калк аларга ооп кетпеди. Элде булар берген 1-2 миң сом менен биз тоюп кетпейбиз, бирок мамлекет келечексиз калышы мүмкүн деген түшүнүк калыптанып келатат. Эл талапкерлердин, саясатчылардын позициясына, билимине, тазалыгына көңүл бурду. Президенттик шайлоодо да мына ушуга көңүл бурса жакшы натыйжа болот деп ойлоймун.

-Эмнегедир Өмүрбек Текебаев “президенттикке аттангандардын ичинен Садыр Жапаровдо мүмкүнчүлүк жогору” деди го?

-Садыр Жапаровдун колдоочулары активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар ошону менен бийликке келишти. Текебаев Садыр Жапаровдо мүмкүнчүлүк жогору дегенде мына ушул факторлорду эске алды деп ойлоймун. Бирок “Азаттыкта” 29-октябрда жарыяланган маегинде Текебаев Жапаров өтпөйт деп жатат. Бул пикирди Текебаев эйфория бүтүп, элдин эмне болгонун, Жапаров бийликке келгенден бери эмнелер өзгөрүп, эмне болуп жатканын акыл-эс менен аңдай баштаганын эске алып айттыбы же башка жашыруун маалыматтары барбы айта албаймын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости