www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк маалымат каражаттары Рейтер, ТАСС, BBC, Анадолу ж.б. 16-январь күнү Түркия чек арасына жакын күрт жикчилдери жана АКШ аскерлеринин көзөмөлүндөгү Манбиж шаарынын борборунда орун алган жанкечитинин үрөй учурган жардыруусун кабарлашты. Расмий берилген маалыматтарга ылайык бул жардырууда американын 4 жараны жана жергиликтүү 12 адам курман болгон. Жарадар болгон дагы 3 америкалык жоокерлер бар экени маалымдалган. Жардырууну Ислам Мамлекети эл аралык террордук уюму ишке ашыргандыгын моюнуна алып, бул бута америкалык аскерлерге жана алардын көмөктөштөрүнө багытталгандыгын белгилеген. Жардыруу Манбиж шаарынын борборунда америкалык аскерлер күрт адамдары менен жолугушуу учурунда болгон.
Бул жанкечтинин жардыруусу Сириядан АКШ аскерлерин чыгаруу башталган кезде орун алганы бир катар кооптуу ой пикирлерди жаратты. Эн алды Түркия Президенти Эрдоган пикирин билдирди. Ал өз кайрылуусунда бул жардырууда 27 адам курман болгонун, алардын бешөө америкалык аскерлер экенин айткан. Ошондой эле бул жардыруу АКШнын Президенти Трамптын туура чечимине жолтоо болбостугун , америкалык тарап декабрда жетишилген макулдашууларды толук аткараарына ишенээрин билдирди.
Мындан тышкары, бир катар Орусиялык басылмалар өз серепчилерине шилтеме кылып, Манбиждеги жардырууну шылтоо кылып АКШнын айрым аскерий жана саясий төбөлдөрү Президент Трамптын туура чечимине бут тосуу коркунучу бар экендигин билдиришкен.
Манбиж шаарынын Түркия чек арасына жакындыгы жана ал жерде жашаган араб, күрт, түркмөн этникалык топторун эске алуу менен, бул жардыруунун мисалын аргумент кылып аймакта али да болсо Ислам мамлекети джихаддык уюмунун аракети күчүндө экендигин билдирген күрт жикчилдери америкалык аскерлерин кетпөөгө чакырууда. Бул өнүттө Манбижде дагы кырдаал курчуп, провокациялар орун алуусу күтүлүүдө.
Булак:NazarNews.kg