www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирип, башкы кеңсеси Түркиянын борбору Анкарада жайгашкан жана маданият, искусство тармактарында иш жүргүзүп келген ТҮРКСОЙ уюму жыл сайын кезеги менен бир шаарды “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялап келет. Адатта аталган уюмдун шартына ылайык, мындай аталыш байыркы, түпкүлүктүү улуттун маданий эстеликтери менен каада-салттары сакталып калган шаарларга ыйгарылат.

Буга чейин Түркиянын Кастамону, Эскишехир, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казань жана башка шаарлары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган. Бул шаарларда ТҮРКСОЙдун ар кандай маданий иш чаралары, илимий конференция, симпозиум сыяктуу алдын ала пландаштырылган мааракелери ушул маданий аталышты алган шаарда өткөрүлөт. Мындан тышкары жыл сайын мүчө-мамлекеттерден ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүн мыкты чагылдыргандыгы үчүн  ар бир өлкөдөн бирден, экиден тандалып алынган лауреат-журналисттерге ыйгарылуучу сыйлыктар да маданий борбордо жогорку деңгээлде тапшырылат.

Айтор дүйнөлүк Олимпиада, футбол боюнча чемпионаттар сыяктуу эле “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп аталган шаар өзүн жок дегенде түрк мамлекеттерине таанытуусу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Демек, жыл боюу эл аралык деңгээлдеги ар кандай маданий иш чаралардын өткөрүлүшү менен дүйнө жүзүнө болбосо да, түрк тилдүү мамлекеттерге таанылгандан тышкары, “Канча бут кирсе, ошончо кут кирет”,- дегендей, туристтер келип, мейманкана, ашкана сыяктуу тейлөөчү жайлар иштеп, валюта түшөт.

Жогоруда белгиленген критерийлерге ылайык, Кыргызстандын үч миң жылдан ашык тарыхы бар, Юнесконун Маданий мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоосу жана башка маданий, тарыхый жайлары, эң негизгиси ажайып табияты менен меймандос эли бар Ош шаары эбак эле маданий борбор деп таанылыш керек болчу. Бирок мурдагы бийликтерибиз ушул утурумдук түйшүк менен чыгымга баш ооруткусу келген эмеспи же башка себеби барбы, айтор мындай асмандан түшкөн куттай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай, ТҮРКСОЙ өзү кол сунса да, баш тартып келгендиги белгилүү.

Анткен менен кеч болсо да Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Мындай чечим өткөн жылы 18-декабрь күнү Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙгө мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-олтурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болууга толук татыктуу экендиги тууралуу эл аралык жыйынга атайын барган Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов атайын доклад жасаганда айтып өтүштү. Бул сунуш Президент Сооронбай Жээнбеков менен да макулдашылган болчу.

Ошентип салтанаттуу түрдө эстафета Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости