www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда Кыргызстандын жарандары дагы өкмөттүк аскерлерге каршы согушууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Бишкек шаарындагы тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Афганистандагы согушка катышып жаткан кыргыз жарандарынын так саны белгисиз, бирок алар көп.

«Баткендеги окуяларда дагы кол салгандардын арасында Кыргызстандын жарандары болгон», - деди ал.

Иманкулов афган согушуна катышып жаткан кыргыздар негизинен 90-жылдары көчүп баргандар экенин айтты.

«20 жылдын ичинде алар отурукташып, үй-бүлө куруп, балалуу болушкан», - деди ал.

Иманкуловдун айтымында, учурда Борбор Азиядагы абалды туруксуздаштырууну каалаган тышкы күчтөр жок. Бирок бул абал эл аралык террористтик уюмдардын айынан өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Сирияны мисал кылып, бийлик менен оппозициянын ортосундагы жаңжалга башка өлкөлөр дагы кийлигишип кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

«Андай оюнчулар биздин өлкөдө дагы пайда болушу мүмкүн. Бирок биз ага жол бербейбиз», - деди Иманкулов.

Ага «Кыргызстандын ичинде белгилүү бир учурда «Талибанды» колдоп чыга турган күчтөр барбы?» деген суроо узатылды.

«Биз изилдеп жатабыз», - деп жооп берди катчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости