www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровду курчап алган адамдар мага кысым көрсөтүштү”, - деди кечээ, 11-агустта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиев.  

--“Мен улуттук идеологияны колдоп, дайыма ошого катуу көңүл буруп, аракет кылам. Жоголуп кеткен Мамлекеттик катчы кызматынын автору менмин. Мен ошону кайрадан киргизүүнү сунуштап, тиешелүү тапшырма алып, 4 ай ошонун үстүндө иштедим. Аягында анан башка адамга берилип калганына абдан нааразы болдум. Шагым сынды. Аны Садыр Жапаровдун жанынына чогулуп алган бузуку адамдар кылды.

Андан кийин мага эскертүүлөр берилди, инимди кызматтан алышты. Болушунча кысым көрсөтүштү. Аларды Садыр Жапаров кылды деп ойлобойм, аны менен мамилем абдан жакшы. Бирок, азырынча Жапарого жолуга элекмин. Киргенге мүмкүнчүлүк болбой жатат”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости