www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптын биринчи ок атканы жана масштабдуу түрдө Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу бардык далил аудио, видео материалдар бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап кыргыз чек ара заставасын курчоого алган.

“Курчоого калган кыргыз чек ара заставасындагы 14 жоокерибиз тирүү болуп, алтоо шейит кеткени боюнча бүгүн маалымат алдык”, - дейт ал.

Иманкулов маалымдагандай, Баткендеги көптөгөн объектилер талкаланып, өрттөндү.

“Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кеткенден кийин Тажикстандын жарандары: сакалчан, колдорунда куралы бар, жарандык кийимчен адамдар келип, үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоношкан. Мунун баары катталды. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости