www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда абортко тыюу салынганы менен боюнан алдыргандардын саны азайган жок. Бейтаптар жана дарыгерлер аялдар эми медкызматкерлерди "сатып алып" жатканын билдирүүдө.

Сердар Бердымухамедов бийликке келгенден беш апта өткөндөн кийин абортко тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, эненин жана баланын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралган учурда гана бойдон алдырууга уруксат берилет.

Репродуктивдүү саламаттык маселелери боюнча адистешкен дарыгер жаңы эрежелерди кескин сындап, алгачкы беш аптада аялдардын көбү боюнда бар экенин билбей турганын айтты.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары бир нече бейтапкана жана медициналык булактарына таянып, тыюу салуу ооруканаларда коррупциянын көбөйүшүнө жол ачканын жазышты.

Булактар боюнан алдыргысы келген аялдар акушерлерге профилактикалык кароо жана кеңеш үчүн акча төлөп каттоого туруп, аборт үчүн пара берип жатканын айтууда.

Мары шаарындагы өз булактар аборт үчүн 100дөн 500 долларга чейин пара берилип жатканын кабарлашты. Алар эгер аялдар түйүлдүк кичинекей кезде кайрылса, азыраак акча короторун белгилеген.

БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (UNPFA) маалыматына караганда, Түркмөнстанда аялдардын көбүндө бойго бүтүрбөй турган каражаттарды колдонууга мүмкүндүгү жок.

UNPFA 15-45 жаш аралыгындагы 160 миңдей аял боюнан алдырууну же кийинчерээк төрөөнү каалай турганын, бирок заманбап контрацептивдик каражаттарды колдонбой турганын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости