www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Кыргызстанга кол салууга даярданып жатканы туурасында маалыматыбыз болгон, бирок масштабы мынчалык болот деп күткөн эмеспиз. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Тажикстан ушундай агрессия кылууга даярдык кылып жатканы туурасында маалыматтарды алып жатканбыз. Президенттин катышуусунда көптөгөн жыйындарды өткөрдүк. Даярдыктар жүрүп жаткан, бирок мындай масштабдуу, мындай күч менен бир маалда бардык чек ара периметрлеринен кол салат деп күткөн эмеспиз. Эгер биз даярдык көрбөгөндө мунун масштабы мындан дагы чоң болмок. Кыргызстандын аймагына кирип алып чыкпай коюшмак. Биз алардын берилеп келишине жол берген жокпуз. Мында чек арачылардын, укук коргоо органдарынын салымы чоң", — деди Иманкулов.

Ошондой эле ал кагылышуу башталары менен бийлик органдары биринчи кезекте элди коопсуз жайга чыгаруу аракетин көргөнүн кошумчалады.

Последние новости