www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү иштеп жаткан кылмыш жана административдик-укуктук кодекстерден чыккан маселелерди талкуулады. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Марлис Жумабаев жана Ички иштер министрлигинин генерал-майор Э.Алиев атындагы Академиясынын башчысынын орун басары юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Бакыт Дубанаев атайын доклад окушту.
Анда алар катышуучулардын жүйөлөрүн, кодекстердин практикалык колдонулушун эске алуу менен бир катар сунуштар киргизилди:
Кылмыш процессуалдык кодекске кылмыш ишин козгоо, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жана тергөө алдындагы текшерүү, кылмыштан жапа чеккен адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын толук жана натыйжалуу коргоо ошондой эле жарандык доо (жабырлануучунун мүлкүн - материалдык жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн), кылмыштан жабырлануучунун процесстик абалын, укуктарын жана милдеттерин так аныктоону киргизүү.
Ошондой эле Кылмыш кодексине уюшкан кылмыштуу топторду жана жамаатты финансылык жактан каржылагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу долбоору сунушталды.
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Марлис Жумабаевдин айтымында бул беренеге кирген суруштар милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттерине дагы деле тоскоолдук кылат. Беренеге сунуштар үстүртөн гана кирип калды дейт.
--“2019-жылы беренелерге өзгөрүү кирип, ошондо милициянын ыйгарым укуктарын алып коюшкан. Тактап айтканда, ыкчам иликтөө иштерине, алдын-ала кылмыштардын бетин ачуу жана болтурбоо боюнча функцияларыбызды чектөө киргизишкен. Бир гана тергөөнүн негизинде гана иш алып баргыдай болуп калган.
Мисалы, 2019-жылга чейин Ички иштер министрлигинин кылмыш менен күрөшүү кызматы алдын ала кылмыштарды билип калса, өз убагында бөгөт койчу. Ошондо коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөр болбой, адам өмүрлөрү сакталып калчу.
2019-жылы беренелерге өзгөртүүлөр киргенде милиция кызматкерлеринин дагы буту-колу байланды. Себеби, тергөөчүнүн уруксаты жок эч нерсе кыла албай калдык. Качан гана кылмыш-кырсык болгондо анан ишке кирише алат. Бул туура эмес. Кылмыштарды алдын-ала билип турса, ошого каршы ыкчам иш-аракет көрүш керек да. Качан гана чоң кылмыш, трагедия болгондо гана күрөшүп, ошонун артынан жүрүү керекпи? Мына сиздерге белгилүү болгондой азыр дагы талаш тартыш маселе болуп жатат. Андыктан милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратпагыдай, өзгөртүү киргизүү абзел.
Бул жакта айрымдар адам укуктары бузулуп жатат дейт, бул өтө чоң жаңылыштык. Тескерисинче коомго чоң жардам болот. Алдын ала кылмыштардын бетин ачып, наркобизнес жана экстремизм багытында, уюшулган кылмыштуу топтордун иштерине бөгөт коёбуз. Толук жандандыруу иштерин баштамакбыз. Учурда беренелерге өзгөртүүлөр кирип жатат, бирок үстүртөн гана болгону өкүнүчтүү”, - дейт Марлис Жумабаев.
Эске сала кетсек, ушул беренени Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек.
Эгер 2019-жылы кабыл алынган мыйзам өз ордунда кала берсе, карапайым калк мындан ары дагы какшап кала берет. Элдин шорун кайнаткан батышчылдар жазган берененин үзүрүн жактоочулар жана “кас мыйзамды сүйгөндөр” көрөт.
Булак: NazarNews.kg