www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1037ге жеткенин Al-Arabiya телеканалы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

"Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1037, жаракат алгандар дагы 1204", — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин каза болгондордун саны 820га, 672 адам жаракат алганы айтылган.

Эске салсак, Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталган.

Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр жакынкы бир нече саат, атүгүл бир нече күн ичинде болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости