www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Анда айыптоочулар шектүүлөрдүн күнөөсү толук далилденгенин билдирип, Марс Бөдөшевге ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана киши өлтүрүү (97-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча 23 жыл күчөтүлгөн абалда жаза өтөөсүн соттон суранды. Ал эми досу Акмат Сейитовго ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана кылмышка көмөк көрсөткөндүгү (30-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча жети жыл сурады.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова прокурордун айыпталуучу Акмат Сейитовго койгон айыбын колдоду. Ал оорлотуучу фактор катары Сейитовдун күнөөсүн мойнуна албай койгонун белгиледи. Жабырлануучу тарап Марс Бөдөшев кызды мыкаачылык менен өлтүргөнүн, күнөөсүн мойнуна албаганын эске алып, өмүр бою эркинен ажыратууну суранып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости