www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
45 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиев укук коргоо тармагында бир нече жыл эмгектенген. Апрель ыңкылабынан кийин Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болгон. Ал жерден түптүз эле Геология жана кен байлыктар агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Бирок, укку коргоо тармагындагы адис кен байлыктар тармагын жетектөөчү кызматка дайындалганда ого бетер сынды күчөткөн. Башкача айтканда, мунун ал кызматка даярдалышы да, шопур менен жансакчылар даражалуу кызматка даярдалгандай эле абалда болгон.
Бирок, кийинчерек Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген агенттикке комитет макамы берилип, ага энергетика жана өнөр жай тармактары кошулуп, анын кадырын ого бетер жогорулатып жиберди. Бирок, ал анда да иштин өтөөсүнө чыга алган жок. Башккача айтканда, Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык "Лигласс" компаниясы менен келишим түзө коюп, бирок тез элеал компаниянын кимдиги аныкталып, аталган компанияда андай чоң долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок экени билинип калып, ал келишим ошол замат жокко чыгарылган.
Зилалиевдин уят болгонуна карабай Атамбаев аны кызматынан андан да жогорулатып, вице-премьерлик кызматка даярдалган. Болгондо да президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабды жетектетти. Атамбаев болушунча эркелетип, ташын улам жогорулатып, эптей албаса да, улам жогорку кызматтарга даярдаганы менен ал эси жоктугун билгизип, Баткенге барганда тилинен жаңылып, жыйынтыгында ал кызматтан да кетүүгө аргасыз болгон. Чынын айтканда, Атамбаев Зилалиевдин канатына канат кошту, бутуна бут кошту. Бирок, эси жок, ишке жөндөмсүз Зилалиев канат кошсо да учалбай, бут уласа да басалбай койду. Эми минтип мыйзамсыз байыган деген берененин алкагында камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg