www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Марат Баязов Чүй облустук ички иштер башкармалыгына суракка алынып келинди. Бул маалыматты аталган башкармалык тастыктады.

Ал бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берип жатканы кабарланды. РИИБ Марат Баязовдун азыр кандай статуста - күбө же шектүү экенин тактаган жок. Бирок алар азырынча сурак гана жүрүп жатканын белгилешти. 

Бул берене боюнча кармоолорду Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзө алат, анткени тергөө менен алар алектенүүдө.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев эки айга камалды

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости