www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мавлянова туура маселе көтөргөн

«Чуук тийбес чыңкылдак, камыш тийбес каңкылдак» - дегендей эти оорубаса деле какый деп кыйкыргандар арбымак түгүл, дарбып кетти. Коомчулукта тескери пикирди жаратууну көздөгөндөр ар бир демилгеден итиркейди келтирген бирдемке сыяктууларды чукуп чыгышат. Эки фейк анын кебине «кумарланып» жиберсе өзүн укмуштай сезгендер бар. Тимеле жок нерсени тапкансып, табалагансып жыргай түшүшкөнүчү булардын.

Жогорку Кеңештин активдүү депутаты Махабат Мавлянова саясатка келгени бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Жөн эле жерден микрофонго чыга бербейт. Өткөндө анын көтөрүп чыккан маселеси акылдуу кишиге таасири бар десек болот. Анткени жаңыдан турмуш жолуна түшүп жаткан келиндерге кеңеш берүү, туура жолго салуу зарылдыгы бар экендиги талашсыз. Көзгө алгач урунган жерлерди кымтылап турган үлпөт көйнөгүн кийсе келиндерге болбойбу деген пикирден неге өөн издөө керек?

Тескерисинче батыштын агымындагы биздин менталитетке жат нерселерден оолак болгонубуз жаман болобу? Тигил Гуля Алмамбетовага окшоп оң нерсени чангандардын этегинен тартып коюуга неге болбосун? «Тарбиялык саатты» өткөрө турган кызматкерлер ушинтип тетирленип жатса Бишкек мэриясы «мыктыларга» тунган экен да? Суракматов андан кандай кеңештерди алат болду экен? Чамасы аркага тепмейлерди, сөгүнмөйлөрдү көңүлүнө аябай уютуп жатса керек а-аа?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости