www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, ага украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Зеленскийдин администрациясына кат жиберген Саакашвилинин адвокаты билдирди.
Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ага 2015-жылы Петр Порошенко украин жарандыгын берүү менен аны Одесса облусуна губернатор кылып шайлаган. Бирок, эки жылдан кийин экөөнүн пикири келишпей, Саакашвили өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Андан соң, Порошенко куугунтукка алып, Саакашвилини Украин жарандыгынан ажыраткан. Ага ,аакашввилинин Порошенконун кетишин талап кылган митинги себеп болгон. Ал Украинанын жаңы президентинен өлкөгө кайтып келүүгө жана сотто өз укуктарын коргой алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге Саакашвили ага эч кандай кызмат керек эмес экенин айткан.
Булак:NazarNews.kg