www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында ички инвесторлордун укуктары корголбой жаткандыгы көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖК басма-сөз кызматы жазып чыкты.

Депутат Руслан Казакбаев 2018-жылы өлкөгө түз инвестициялардын келишинде бир топ азаюу болгондугуна токтолуп, ошол эле маалда ички инвесторлордун кызыкчылыктары корголбой жаткандыгын чечмелеп берди. Ал атамекендик ишкана курган «Коӊур-Өлөӊ», «Көк-Сай» ГЭСтеринен өндүрүлүп чыккан электр кубаты мамлекет тарабынан сатылып алынбай жатканын айтып: «Эмне үчүн ички инвесторлор мамлекеттен зыян тартып, жапа чегиши керек»,- дейт.

Мындай теманы улаган депутат Тазабек Икрамов ички инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча 2014-жылы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын тиешелүү чечими дагы эске алынбай келе жаткандыгын белгилеп, КР Экономика министри О.Понкратовдун ички инвестициянын көлөмүн жогорулатууга же ички инвесторлордун укуктарын коргоо жаатында чараларды көрбөй жаткандыгын сынга алды.

Депутат Абдумажит Юсуров атамекендик ишкерлерге тиешелүү шарттар дагы жоктугун айтып, Өкмөт өлкөнүн инвестициялык климатын качан жакшыртат деген маселени койду.

Ата мекендик ишканаларды сактап калуу маселесин депутат Алмазбек Эргешов дагы козгоду. Эл өкүлү өлкөгө контрабандалык товарлардын агылып кирип жаткандыгынан улам, атамекендик ишканалардын иши солгундап, ал ишканаларда иштеген жүздөгөн жарандар чет өлкөлөргө иш издеп чыгып кетип жатышкандыгына кабатырланды. «Мыйзамсыз жолдор менен сырттан кирген товарлар арзан болуп, жергиликтүү ишкерлерге чоӊ көйгөй жаралууда»,- дейт А.Эргешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости