www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеште ар кандай маселелерди караган жыйындын жүрүшүндө, ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Бишкектин четиндеги конуштарда жашаган жарандардын маселесин кабыргасынан койду. Анда депутат турак-жай курууга сатылып кеткен мыйзамсыз жерлер боюнча маселе көтөрдү.
Касымалиева Өткөн жума Бишкектин четиндеги жаңы конуштарды кыдырып чыкканын билдирди.
"Алсак, Ак Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Жар, Ак-Бата, Дордой-1, Дордой-2 кошуштарында абал өтө оор. Жөлөк пул алуучулар ал жерде көп, бирок алар албай келе жатат. Бизде мыйзамдашпаган конуштар арбын. Ал жерлер 2005-жылдан тарта мыйзамдашкан эмес. Мындай көйгөйлөргө Өкмөт, Жогорку Кеңеш дагы чекит коюшу керек. Мыйзамсыз жерлерде төрөлгөн балдардын алды 20га чыгып калды. Ал жактарды сүрдүрүп койгонго эрк жок болгондон кийин бардык документтерди карап чыгып, бир чечимге келүү зарыл. Аларды шайлоодо эле эстеп, силердин жерди мыйзамдаштырып беребиз деген куру убада берилип келет. Мен премьер-министрге кайрылып кетем, ушул маселени тезинен чечүү керек", - деди Касымалиева.
Эске салсак, 2009-жылы жерлерди турак-жайга сатууга мораторий жарыяланган эле. Бирок, жыл өткөн сайын Кыргызстан элинин саны өсүп, улам жаңы үй-бүлөлөр катталууда. Өз камын өзү көрүп, өкмөттөн бир сом пайда күтүүдөн түңүлгөн карапайым калк, мындай шартта кандай кылуусу керек?
Баасы асман чапчыган көп кабаттуу үйлөргө элдин чөнтөгүнүн жукалыгы жол бербейт. Ушундай абалда үлүштөгү жерлерди саткан “жер саткандарга” алданып кызылдай акчага жер тилкесин алган жаңы конуштагылар, эптеп үй куруп эле эмес, суу, свет, жолун да өз күчтөрү менен жасап жатышканы маалым.
Жаңы конуштарда жашагандардын көбү, мугалимдер, куруучулар, медайымдар жана тигүүчүлөр экен.
Депутат А.Касмалиеванын кабыргасынан койгон маселесине өкмөт башчы кандай иш-аракеттерди кылар экен. Деги каржалган конуштагылардын маселеси оңунан чечилип, маңдайы жазыла сүйүнө турган иш аткарылар бекен.
Булак:NazarNews.kg