www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) бүтүрүүчүлөрү дипломдордогу жаңы каталар тууралуу билдиришти.

Студенттердин айтуусунда, дипломдор катасы бар эски документтердин ордуна оңдолуп берилген. Мисалы, барактардын биринде “легализациаялоо” деп жазылган, бирок туурасы “легализациялоо” болмок. “Учкун” басмаканасынан билдиришкендей, оңдолгон дипломдордогу каталардын бар болушуна алар күнөөлүү эмес, анткени дипломдордун текстинин электрондук версиясын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен.

Бирок, Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан ар бир университет ведомствонун кийлигишүүсү жок эле басмакана менен иштейт деп актанууда. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын администрациясынан катасы бар дипломдорду өз эсебинен оңдоп беришээрин айтышып, бирок документти кайра басуу талабы менен арыз жазышкан студенттерге гана алмаштырышаарын кошумчалашты. КММАнын бүтүрүүчүлөрү дипломдорунда каталарды биринчи жолу таап жатышкан жок. Мурдараак студенттер катаны дипломдордун кыргызча сөзүнөн табышкан.

Анда “Окууга кирди” дегендин ордуна “Окуугу кирди” деп жазылып турган. Ошондо документтердеги каталарга 600дөй студент даттанышкан, университеттин ректораты болсо дипломдорду басмакананын эсебинен оңдоп берүүнү убадалаган.

Мындан мурда орто мектепти бүтүргөндөрдүн аттестатында грамматикалык каталар табылып, коомчулукта чоң нааразычылык жаралган болчу, деп  “Майдан. kg” гезити өз пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости