www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттардагы адамдардын саны чектелип, ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз жана бодо мал союлбайт дегендей мыйзам долбоору сунушталууда. Эл мындай мыйзамды кабыл алабы?

-- Аш-тойлорду чектөө эң туура чечим. Байыркы кыргыздарда ысырапкорчулукка катуу тыюу салып келишкен. Мусулманчылыкта да, башка диний багыттарда деле ошондой. Кытайдын дао философиясында “Жааны ашыкча тартпа” деген түшүнүк бар. “Жааны бош койсоң жебеси учпайт, ашыкча тартсаң кылы үзүлүп кетет” дейт.

Ал эми эл аткара алабы, жетекчилик жактагылар өздөрү так аткарышабы – ошондон көз каранды. Эл бийлик башындагыларга карайт. Жетекчилер “оң жолго басса – эл ошол жак менен кетет, терс жолдо жүрсө – эл артынан ээрчийт. Тартип жок жерде башаламан боло берет. Бирок, буюрса мамлекетибизди ийгиликтүү жылдар, түшүмдүү кылымдар күтүп турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости