www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңештин КООМДУК ӨКҮЛДӨРҮ бул – акы төлөнбөгөн жумуш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев билдирди.

«Саламатсыздарбы, мекендештер! Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!

Эл-жер үчүн, мекендештерибиз үчүн күйүп - бышкан жигердүү жердештерибиздин оюу Миграция кеңеши үчүн абдан маанилүү.

Зулпидин мырза «Москвадагы 4-диаспора болуп калбагыла» деп жакшы белгилеп кетти.

Жалпы мекендештерге жеткиликтүү болуш үчүн, пост кылып, кененирээк жооп берели.

Миграция кеңеши 2020-жылдын 4-деаабрында түзүлүп, 1-жыйын, ЖК Төрагасы Талант Турдумаматович Москва шаарына барып келгенден кийин болду.

15-февральда ЖК 7-кабатында, Тегерек (овальный) залда Москва шаарындагы Координациялык кеңештин (Акбар, Акжол) жана "Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин (Турдали Орозбаевич, Эркин Кырбашев, Болот, Улукбек, Махам агаларыбыз) өкүлдөрүнүн жана башка мекендештерибиздин катышуусу менен жыйын өткөрдүк. Негизги максат - биригүү. Маселени баары туура кабыл алышты. «Ойлонобуз» деп кетишти.

Кийинки жолугушуубуз 15-мартта Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ал жолугушууга «Замандаш» ассоциациясынын (Р. Эшимов), Координациялык Кеңештин (А.Маразыков, А.Келгенбаев, Э.Эшанова), Кыргыз Конгресстин (К.Пусуров, К.Култаев), Кыргыз Биримдигинин (Б.Жаныгулов) өкүлдөрү, башка мекендештер (А.Оморалиев, Б.Алымбеков, У.Маматов, К. Абдилов, Дж. Аширов) жана миграция кеңешинин 4 кызматкери катышышты.

Маселе: ынтымакка келүү, биригүү.

Жыйындын жүрүшүндө бириге албашына баары эле ынанды окшойт. Ошол жыйында баары "Москва шаары жана Москва облусу боюнча бир өкүл дайындап бергиле, биз ушул жерде олтурган уюмдар - баарыбыз ошол өкүлүн айланасында биригип, чогуу иш алып баралы" деген сунушту бир колдон колдошту.

Жыйындын протоколу жүктөлөт.

Ошол себептен бул кадамдар жөн жерден чыккан эмес - сиздердин сунушуңуздардын негизинде пайда болгон.

КР ЖК Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңештин КООМДУК ӨКҮЛДӨРҮ деп так, даана жазылып турат. Бул эч кандай мамлекеттик кызмат эмес, коомдук башталгычтагы, акы төлөнбөгөн жумуш.

Тандоо жолу, биринчи кезекте, араңыздардагы абройлуу адамдарга сунушталган. Аны, убактысы келгенде ошол адамдар айтып берээр. Экинчиден, жөнөкөй мекендештерден сурамжылоо жолу менен болду. Аны да тастыктап беришээр. Көпчүлүгү өздөрүнүн сунушталып аткандарын да билишкен эмес.

Тандоо эч кайсы Элчилик, Баш Консулдук же диаспоралык уюмдар аркылуу же мамлекеттик кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн жок.

Дагы бир ирээт суранып, чакырып кетет элем:

арабаны аттын алдына байлап алып чаппай, ашыкпай турсак. Коомдук өкүлдөрдө эч кандай күнөө жок. Алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын убакыт көрсөтөт жана тааныбаган - билбеген адамдарды негизсиз, божомолдор менен «тепкилеп баштабайм, сурооңуздар болсо, мага жазыңыздар, колдон келишинче жооп берем.

Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм!», - деп кошумчалаган Ысманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости