www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда динге баш-оту менен берилип, акылын эмес, сакалын өстүргөн, Кудайды эмес динди, Мекенди эмес Меккени ыйык туткан динкулдар көбөйдү.
Анан ооз ачышса эле, Мухаммед пайгамбардын буту баскан Мекке ыйык, кийген кийимин сүнөт дешип, бейиш-тозоктон кеп салышат. Эгер, пайгамбар Сибирде төрөлгөндө арабдар 50 градус кайнаган ысыкта, кум токтобой куюлуп түшкөн, ысык тартпаган кенен ак көйнөк эмес, тон, тери шым, чокой киет беле сүннөт деп, ойлонгон жан жок.
Жаратканга динсиз деле ишенсе болот. Дин болгону, Кудайды таанууга болгон эреже. Мухаммед пайгамбар богу-жини аралашып калган арабдарга диндин эрежелерин киргизип жатып, Кудайды тааныткан. Бузулуп кеткен чириген коомун эптеп ирээтке келтирген.
Маселен, агасы карындашын алган кадыресе көрүнүш болгон. Азыр дагы эки бир тууган куда болсо болот деген арабдардын "мунжу психологиясынын" саркындысы калып калган. Аны болсо биздин "чала молдо дин бузат" болгон молдолор бир айтып, бир койбой, кыргыздын жети ата өткөнчө кыз берип, кыз алышып куда-сөөк күтпөй, тегин, канын таза сактаган салтына балта чаап жатышат.
Арабдарда кыз төрөлсө өлтүрүп, же тирүүлөй көмүп салган, бала катары санабагандар арбын кездешкен. Мындай эсиңди эки кылган жаман адатты, пайгамбар "кыз төрөлсө бейиштин эшиги ачылат, үч кызды турмушка абийири менен узатсаң бейишке киресиң, бейиш эненин таманында" деп аял затына болгон сый-урматты эптеп ойготкон. Ошого карабастан, бүгүнкү күнгө чейин эркектерден аял затынын статусу, укугу араб өлкөлөрүндө төмөн, чектелген.
Кыргызда кызыгын көрбөйт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук дешип, кыз баланы аздектеп, барктап, кадырлап күткөн. Өлтүрүп салмак түгүл, укугу чектелген эмес. Эркелеп эркин өскөн. Ошол үчүн Курманжан даткадай элин башкарган акылман энелер, Кызсайкалдай, Жаңылмырзадай жоодон элин коргогон баатырлар чыккан.
Арийне, пайгамбардын жиниккен араб коомуна киргизген дагы бир өзгөчө касиети, 50 градус ысык чөлдө жуунбай сасып жүрө берген арабдарды, эптеп беш маал намаз аркылуу даарат алдырып, жуунганга, өзүн таза кармоого үйрөткөн.
Ошондой эле, байларды кайырчы, күнү өтпөй калган кедейлерге кайрымдуулук кылсын, жардам көрсөтсүн деп дин аркылуу зекет берүүгө милдеттендирген.
Отко, ташка, сууга сыйынган Кудайга ширк келтирүү деп тыйып, бир гана Кааба ташка зыярат кылууга көндүрүп, эч нерсе өспөгөн какыраган чөлдө элин бакканга акча, каржы булагын жараткан. Ал кезде нефти иштетүү деген жок болчу. Жапайы көчмөн бедуиндер англичандар, америкалыктар келгенче нефть иштеткенге мээлери жеткен эмес.
Чөлдөгү жалгыз жемиши финикини бейиштин тамагы, чөлдөгү жалгыз булактын суусун зам-зам ыйык суу деп жарнамалап жатып, төөнүн артынан жүргөн элине финики, суу сатып оокат кылууга шарт түзгөн. Бул пайгамбардын өз элин, өз жерин сүйгөн мекенчилдиги эмей эмне?..
Анан эле биздин фанаттар мекенчил болууну Мекенди эмес, Мекени сүйүү деп түшүнүп алышып, Умрага, андан соң чоң ажылыкка деп жылына эки ирээт Меке, Мединага каттап, тапкан-ташыганын арабдарга берип, ошого сүйүнүп, Кудайдын сүймөнчүгүнө айлангандай жетине албай жүрүшөт.
Динде, мусулманчылыкта жол салуу, көпүрө куруу, жарды-жалчы кембагалга жардам көрсөтүүдөн өткөн сооп жок. Мамлекет экономикалык жактан мукурап турганда, мекенге салым кошуп, ошол ажылыкка барчу каражатка айылыңа суу чыгарып, же жолунун оңдолушуна жардам кылып, көпүрөсүн оңдоп, кыйналып жаткандарга андан ары оокат-турмушун тыңдап кеткенге мал-жандык алып берсе болбойбу? Болот, эң сонун соопту чоң иш кылган болот. Эбегейсиз, чоң сооп табат.
Өкүнүчтүүсү, ушундай эсиңерге келип, этегиңерди жыйгыла деп нарктуу, нускалуу сөз айтылса эле, динге асылба, Меккеге сөз тийгизбе, ажылык парз дешип, жүйөлүү пикирин айткандарды каапыр, теңирчи деп жектеп, төө бастыга алышып, ооздорунан ириң аккандар чыгат.
Ошол Теңир деген баарына тең, бирдей деген Жараткандын эле кыргызча аталышы. Арабкулдарга сөзсүз Аллах дебесең каапыр көрүнөсүң. Бул караңгы, сабатсыз түркөйлүк эмеспи...
Мекениң болбосо башка чет жерге, ошол эле ыйык туткан Меккеге батпайсың. Убактың, мөөнөтүң бүттү деп кууп, депорт кылып чыгарып салат. Ошондуктан, биринчи Мекен ыйык болуш керек. Арабдардын Кааба ташы, Ухуд тоосу, зам-зам суусу, финики жемиши сыяктуу эле, Мекендин топурагы, ташы, тоосу, суусу, жемиши ыйык болуш керек.
Меккеден өз мекениңди ыйык тутпа деп Жараткан тыюу салган эмес. Ар бир элдин киндик кан тамган туулган жери кол тийгис ыйык. Көздүн карегиндей сактоо милдет. Ошол үчүн жерди сактайбыз деп ата-бабалар канын төккөн, жанын берген. Азыр дагы бул түшүнүк сакталып, жер үчүн ааламда эмне деген алаамат согуш токтобой келе жатат. Анан эле өз жериңен какыраган чөл, Мекке кантип жогору турсун? Меккеге караганда Мекенин сүйгөн сыймык. Меккени ыйык тутпоо күнөө эмес. Меккени ыйык тутпагандар күнөөгө батат деген Жараткандын өкүмү жок.
Андыктан, ашынып кетпей эле Жараткандын бар экенине, анын жалгыз экенине, андан бөлөк кудурети күчтүү зат жоктугуна ишеним артып, намазыңды окуп, зекетиңди берип, орозоңду тутуп мусулман болсо болот.
Сөзсүз эле примитивдүү көз карашыңды таңуулап, агрессия менен бирөөнү каапыр атап зиркилдеп, заарыңды чачып мусулман болуш керек эмес да.
Акыретте, ар ким өз кылганы үчүн Кудай алдында жооп берет.
Бир сөз менен айтканда, дин тутуп бейиштик болосуңбу, же тозокко түшөсүңбү, же дин тутпай эле бейишке барасыңбы, болбосо тозокко кетесиңби, баары бир гана Жараткандын мээрими, каалоосу менен ишке ашат. Өмүр боюу ибадат кылсаң да, жүрөгүңдө кыпындай эле текеберлик болуп, Жараткан каалабаса бейишке кирбейсиң...
Демек, киндик каның тамган мекениңди ыйык тутуп, улутуңдун каада-салтын динде жок деп жээрип, нарк-насилин, маданий, рухий баалуулуктарын чанбай эле Жаратканга чын жүрөктөн ишенүү парз.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg