www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын  бийлиги мектеп окуучуларын  интернеттен алыстатуу максатында өзгөчө ыкма ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бандунг шаарынын бийлиги  Ява аралынан 2 миң  жөжөнү алып келип, жергиликтүү 12 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына таратышкан.

Мектеп окуучулары бир аз болсо да интернетке азыраак көңүл бөлүп калат беле деген ишеничте, шаардык администрация ушундай иш чараны өткөргөн.  Себеби, бир күн кечке интернетке короткон убактысынын жок дегенде бир бөлүгүн кичинекей балапанга мээрим төгүп, бакканга жумшашат.

Кээ бир окуучулар балапанын багып, анын курсагын тойгузганга жерге дан эгем десе, кээ бир окуучулар смартфондо ойногон кызыктуураак экенин жашырышкан эмес.

 Ушул жылдын январь айында британ жарнама агентствосу кайсыл мамлекеттин элдери  интернетке көп убакыт коротот деген изилдөө жүргүзгөн.  Анын жыйынтыгында, Индонезия бешинчи орунду ээлеп, ар бир адам күнүнө 8,5 саат колдоноору аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости