www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстанда сүйүү, дин, мыйзам жана бир аз Шекспирдин чыгармасы кошулган окуя жергиликтүү элдин назарында. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Жульетта менен тең Татарстандын 13 жаштагы тургуну  Камила Асылгараева, Ромеодон жашы айырмалаган 29 жаштагы Расул Салихов экөө үйлөнүштү. Алар дин жолу менен никелерин кыйдырышкан. 

Жергеликтүү калк Расул Салиховду “Эл имамы” деп аташат жана аны баары сыйлашат. Ал мечитке көп барып, динди жана араб тилин окутат. Экөөнүн нике кыюу аземин Расул өзү өткөргөн. Учурда Расул Салихов “Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган” беренеси боюнча айыпталып, камакта. Ал эми Камиланын апасы энелик милдетин аткарбагандыгы үчүн үй камагына алынган. 

Камиланын апасынын айтымында, эки жаш өзүнчө жолугушуп туруу үчүн нике кыйдырууга макул болушкан. 

“Биз  Камила 16 жашка чейин өз үйүндө, аталган жашка  толгондо гана жолдошу менен жашайт деген талап менен нике кыйдырууга макул болгонбуз. 16 жашка толгондон кийин расмий үйлөнүү тоюн өткөрүп, алар аял-күйөөсү деп жарыяламакпыз”, -дейт Камиланын апасы. 

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп , атайын экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат. Жергиликтүү “Ромео” 4 жыл эркинен ажырашы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости