www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин чакан Кыргызстанды жутуш үчүн борборубуз Бишкекке, Ошко, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарынга атом бомбасынан бирден ыргытса эле кыргыз эли дайыныбызды таппай калабыз. Бирок, эл аралык конвенция боюнча ядролук куралдарды колдонууга тыюу салынган. СССР менен АКШ ядролук куралдарды жарыша колдонушуп, акыры Рейган менен Горбачев буларды токтотуу боюнча келишим түзүшкөн. Былтыртан бери АКШ бул келишимден чыгабыз дешкен чечимге келишкен.

Украина

Орусия менен катар Украина, Белорусия, Казакстанда да ядролук куралдар бар эле. СССРдин тарашы менен башка мамлекеттер ядролук куралдардын “эки чылбыр, бир тизгинин” Орусияга өткөзүп беришкен. Украина менен Орусия 2014-жылдан бери челкилдешип келатышат. Ал кездеги Франция президенти Олланд Нормандияда экинчи фронттун ачылышынын мааракесинде Орусия менен Украинаны бир пикирге келтириш үчүн немец канцлери Меркель менен “Норманд форматын” түзүшкөн. Негизги максаты Орусия менен Украинаны ыкка келтирип, тынчтыкты орнотуу болгон. Арийне, бул сөз жүзүндө болгону менен иш жүзүндө аткарылбаган бойдон келаткан. Украинаны жаңы президенти Владимир Зеленский бул милдетти аткаруу үчүн 9-декабрга “Норманд форматынын” лидерлери менен жолугушууга макул болгон. Бул жакшы ойлор, ошондуктанбы, тынчтыкты сүйгөн элдер үчүн бул жакшы үмүттү пайда кылып жатат. Буга карабай Украина улутчулдары Орусияны Крымды, Луганск, Донбассты басып алган агрессорлор катары сезишип, СССР убагында Украинада да ядролук атом бомбалары бар экенин, бирок 1991-жылы ар бир республика эгемендүүлүктү алган соң, ал кездеги Украинанын президенти Леонид Кравчук атомдук куралдарын Орусияга бергенин, ал эмес 2014-жылга чейин Украинада президент болуп келген Виктор Янукович 2014-жылы Украинада сакталып турган плутонийди Орусияга берген соң, алар Крымды басып алышып, Луганск, Донбассты бөлүнүүгө дуушар кылганын саймедирей башташты. Украин улутчулдары ушуга таянышып, Украинага СССРден калган ядролук куралдарды кайтарып берүү тууралуу маселени дуулдатып көтөрүп жатышат.

Орусия

Учурда Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленский  телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусия тарабынан кыскартылып келе жаткан газды Украинага жөнөтүү маселелерине кайрылган. Украинанын мурунку президенти Порошенконун убагында Орусия тарабынан газ жабылып, Орусия Европага газ жеткирүү боюнча башка жолдорду салып жатканы белгилүү. Украина тарабынан Европага кете турган газ түтүктөрүнөн уурдоолор болуп, мындай кырдаалга орус-украин мамилелери алып келген.  Владимир Зеленский Эстонияга жасаган иш сапарында ал жактын либералдары менен жолугушуп өз ой-пикирин айтып жиберип жатат. Деги Владимир Зеленскийдин айласы куруп жаткан учур, өйдө бассам өгүз өлөт, ылдый бассам араба сынат болуп. Анткени, Батыштын сөзүн уксам Орусия газын жибербей, эл үшүйт, ылдый бассам Батыш акчасын бербей койот деген тейизде.

АКШ

2020-жылы АКШта президенттик шайлоо болот. Ошол үчүн бул кезге чейин Орусияны жектеп келген АКШ бир-аз дымып турат. Эмки жылы АКШта так талашуу башталат, аларды азыркы дүйнөлүк кырдаалдар кызыктырбай турат, бирок да алар дүйнөлүк тизгинди колдон чыгарбаш үчүн, ар кандай масштабдагы иштерди көңүл отунда кармап турары бышык.

Европа

Дүйнөдөгү биринчиликти тарттырып жиберген соң Европа АКШ эмне десе ошону аткарган вассалына айланган. Улуу Британия Европа Биримдигинен чыгыш үчүн жан далбастап жатат. Европанын күчтүү мамлекеттери Франция менен Германия “Норман форматтарынын” негизинде Орусия менен Украина тынчтыкка алып келиш үчүн 2019-жылдын 9-декабрында “Норман форматтарын” өткөргөн жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости