www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-ноябрда, Жайыт маселеси боюнча мыйзам долбоору парламенттин күн тартибинен алынып салынды. Буга, демилгечи болгон Айыл чарба министрлиги менен Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн тыңгылыктуу жооп болбогону себеп катары каралды.

Алсак, юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев мыйзамдын айрым беренелерин чаташтырып алып, так жооп бере албай кечирим сурады.

Мындан да кызыгы, мыйзам долбоору күн тартибинен алынгандан кийин, танапис жарыяланып жаткан учурда, ордунан атып тура калган Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев бийлеп дагы жиберди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости