www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Марал» радиосу ар жуманын Шаршемби күнү саат 16:00дө «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборлорунун адистери угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге, бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Саламатсыздарбы? Мен аябай көп күлөм. Өзүмдү шайыр алып жүргөнгө аракет кылам. Негизи адам өзүн кандай алып жүрүшү зарыл?

Позитивдүү маанайда жүргөн пайдалуу. Такай күлүп жүрсөңүз калыбыңыздан жазбаңыз. Анткени бул жаныңыздагыларга жакшы энергия берет. Жылмайып жүргөндү башкаларга да жуктурууга аракет кылыңыз.

Канчалык адамгерчиликтүү болсоңуз да аз жылмайсаңыз бул — кемчилик. Андыктан күлгөнгө чектөө койбоңуз. Анткени ар дайым шайыр жүрүү стресстик абалдан чыгууга жардам берет.

Изилдөөлөргө ылайык, жылмаю мээдеги миллиондогон терс ойлорду жоготот.  Адам жан дили менен күлгөндө мээде бир точка иштей баштайт. Сизге 25 миң доллар акча белекке берилсе кандай кубанасыз? Жылмайган да организмге дал ушундай таасир берет. Башкача айтканда, белекке 2 миң таттуу алгандай кубаныч тартуулайт.

Жагдайга карап, өзүңүздү көзөмөлдөгөнгө аракет кылыңыз. Анткени жакындарыңыз сиздин шайыр мүнөзүңүздү шылдың катары түшүп албасын.

— Досум 34 жашта. Бирок азыркыга чейин калп айтат. Бул илдеттен арылса болобу?

Өзгөрүүгө эч качан кеч болбойт. Болгону чоңдордогу өзгөрүү жай болуп, көп убакытты алышы мүмкүн. Коучингдерге кайрылып, калп айтуунун жеңе алат. Такай психологдун көзөмөлүндө болуш керек.

— Айтсаңыз, балдар ойногон оюнчуктар психологиясына канчалык таасир берет?

Балдарга түрдүү оюнчуктарды ойнотпоңуз. Себеби алар баланын аң сезимине таасир берет. Көргөн мультфильмдерин, кирген интернет баракчаларын көзөмөлдөп, маани бериңиз. Анткени балдар жакшы менен жаманды айырмалай албайт. Кээде жаш курагына туура келбеген видеолорду көрүп, психологиялык жактан жабыркап калышы мүмкүн.

Оюнчукту балдарыңыз менен чогуу тандап, аларга көбүрөөк убакыт бөлгөнүңүз жакшы. Балдар үчүн оюнчукка караганда ата-энелер менен ойноо пайдалуу.

— Балам 9 жашта, агрессивдүү болуп жатат. Кантип күрөшсөм болот?

Уулуңуз азыр өспүрүм чакта. Алар «мен баарын билем, айткандарым туура, эң күчтүүмүн» деп ойлонгон куракта. Бул учурда кадимки кеңештерди да катуу кабыл алышат. Жумшак сөз менен ой жүгүртүүгө таасир берип, түшүндүрүү маанилүү. Азыр балдар назик болуп баратат. Өз оюңузду фактыларга таянып сунуштоого аракет кылыңыз. Сөз менен айтып коюу жетишсиз.

— Балам калп айтат, кандай кеңеш бересиз?

Эгер балага ашыкча чектөө койсоңуз калп айта баштайт. Анткени ишеним азаят. Калптын арты менен туура эмес иштерге да барышы мүмкүн. Мындан сырткары, баланын сунуштары эске алынбаса, алар бара-бара өз оюн ата-энесине айтпай калышат. Бир нерсе суранганда чындыкты жашырып коюшу да ыктымал. Ошондуктан уулуңузга кандай кырдаал болбосун дайыма жанында экениңизди айтып, колдоп туруңуз. Эгер коркутуп же соодалашчу болсоңуз, анда уулуңуз кооптуу жагдайларда сизге кайрылгандан баш тартат.

P.S. Урматтуу окурман, эгер сиздин тынчыңызды алган суроо болсо же психологдун кеңешине муктаждык жаралса, биздин «Психолог сааты» уктуруусуна кайрылыңыз. Түз эфир учурунда байланышка чыгып, сурооңузду узатыңыз. Мындан сырткары Whatsapp (0701 114030) номерине кат жибериңиз.

Булак: "maralfm"

Последние новости