Көпчүлүк мыкты таланттардын тагдыры аянычтуу. Дүйнөлүк киноклассик Альфред Хичкок “мен жалгыздыктын деңизимин” деп бекеринен атабаган чыгар. Сейдакматовдун тагдыры дагы мына ошондогу деңиздин жалгыздыгына сүңгүп кете бергендей. “Мен эми бир кездеги Бекин эмесмин, эч кимге кереги жок экенимди бир билем. Тагдырымдын тайкылыгына адам бир гана өзү күнөөлүү. Кечиргиле, эгер кечире алсаңар!” деп жаңырык салып тургандай. Ак чардак көнгөн көлүнөн айрылбайт эмеспи. Бекин ага узап барарда “Ак чардактар дагы ыйлашат” аттуу пьеса жазып баштаганда “эгер көзүм өтүп кетсе, ак чардактар да кошо кайгы тартар” дечү экен. Кичи мекени Ысык-Көлүнө болгон кусасы, мына ушул коюлбай калган пьесасы өзү менен кошо кете берди... Анын жаркын элеси, Бекин Сейдакматов деген ысымы элинин жүрөгүндө түбөлүк жазылып кала берди.
“Мен өлгөндө ак чардактар да кошо ыйлайт...”
КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова:
“Кесипти тандаганына менин да күнөөм бар...”
- Уялашыңыздын балалыгы кандай өттү эле?
- Бекин 1948-жылы 17-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Темир айылында төрөлгөн. Үч кыздан кийин ата-энебиздин көптөн күттүргөн уулу, азан чакырылып коюлган аты Бекболсун болчу. Атам башкарма болгондуктан, Бекинди өтө эркелетип чоңойтконунанбы, атама жакын эле. Шоктугунан көчөдө өтүп бараткан адамдарды ар кыл тамашага салып койчу. Тапкыч, зирек, жамактап сүйлөй билген таланты бала кезинен эле бар... Ушул кесипти тандаганына менин да күнөөм бардай. Анын тубаса таланты элге тез таанытты. Бекиндин аткарган ар бир ролу элдин эсинде кала турган болуп калды. Эгер азыр тирүү болгондо мыкты ролдорду жаратса керек эле. Өмүрү кыска экен, бул жарыкчылыктан эрте кетти. Арман дүйнө!
КРнын эл артисти, режиссёр Замир Эралиев:
“Чектен ашкан фанаттардын курмандыгы болду...”
- Замир ага, жакын досу катары айтсаңыз, Бекин Сейдакматов өз кесибинин профессионалы болгону менен тагдыр жолунда көөдөнүн жанчкан бир көйгөйү бардай өңдөнөт...
- 1971-жылдын октябрь айлары... Ира аттуу классташымдын бөлмөсүндө туулган күнүмдү өткөрүп жатып Бекин менен таанышып калгам. Көрсө, Ира экөө курсташ экен. Тагдыр экен, Бекиндин бөлмөсүндө мен дагы шартка байланыштуу 2-3 айдай жашап калдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, көз карашыбыз бир болуп жакын достордон болуп кеттик. Бир жолу бөлмөсүнө барсам Бекин жок. Атасы каза болуп айылына кеткен экен. Анан келгенде ашканага барып көңүл айттым. Бекин атасы каза болгондон кийин тагдырдан сыноосун жеңе албай эле өзүн мокотуп алды. Атасына өтө жакын болгондуктанбы, анын дүйнөдөн кайтышы ага катуу сокку болду. Баягы шайыр мүнөз, жашоосунда куудул Бекин кем сөз, бир башкача адамга айланды да калды.
- СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында үн коштогон Бекин Сейдакматов экен эле...
- Анын тарыхы да кызык. Кожожаштын үн коштогонуна бир топ профессионал актёрлорго кастинг өтүп, бир дагы актёр Төлөмүш аганын купулуна толбой, анан мен Бекин досумду сунуш этсем, дароо эле ал: “Замир, койчу ал комедиялык актёр да”,-деди. Кайра мен ага болбой эле бир байкап көрүп өкүнбөй турганын түшүндүрдүм... Ошентип Бекиндин Кожожаштын үнүн коштоп калышына себепчимин. Себеби Кожожаштын ролуна мурунтан эле Бекинди ылайык көрүп, кийин өзүмдүн тасмамда дагы аткарган болчу. “Нөшөр” тасмада дагы роль аткарган, Бекиндин адамды тартып алчу бир касиети бар эле.
- "Чеховдук чеберчиликте" жашоосунан тайган адамдарга караганда каармандарды сүйүү оңой деген курч сөздөрү бар экен. Бекин Сейдакматовдун өз тагдыры тайкы болуп калганы эмнеден деп ойлойсуз?
- “Шайтандын мөөрү” тасмасын тартайын дегенимде ошол кезде ал ичип калган маалы эле. Бекин соо кезинде экөөбүз тасманы көрүп олтурабыз, улам-улам анын реакциясын карап олтуруш мага кызык болду. Кандай тартылыптыр деп сурасам, “начар” деп койду. Достун ою мага кымбат, “ачык-айкын айтканыңа рахмат, бирок кантсе дагы эмнеден начар экени тууралуу оюңду билгим келди” десем, мен жокмун ошого десе каткырып жибердим. Ошондо чыныгы дос экенине дагы бир жолу ынандым. Бекин баягы “Он үчүнчү небере” тасмасындагы өз каарманындай өтө ак көңүл эле. Эч бир адамга “жок” дешти билбеген бир керемет адам болчу. Акыр-аягы анын ак көңүлдүгү, жумшак мүнөздүгү өзүнө-өзү душман болду. Анын артынан канчалаган күйөрман кыз-келиндер чуркачу. Кары-жашы, аял-эркеги дебей Бекинди өтө “сыйлап” арак куюп берген күйөрмандары эле жок кылышты. Мына ошол ашыкча фанаттарынын курмандыгы болду. Бир жолу Бекин ооруканада жатып калат, ал-акыбалын сураганы бардым. Ошол ичкиликке берилип кеткен жылдары эки жолу өз өмүрүнө кол салган экен. Жан берген дагы, алган дагы Кудай эмеспи. Ажалы жок экен, бактыга жараша аман калыптыр. Бирок андан көп өтпөй досумдан айрылып калдым...
- Балким иштетип күчүн алгандар наам бербей койгону дагы катаал тагдырына кедергисин тийгизгендир...
- Жок. Ал эч качан башкаларчылап алдым-жуттумду билбеген бир бөтөнчө адам болчу, мына ошол наам, материалдык байлык туурасында ойлонуп капаланчу дагы эмес. Чыныгы элдик талант эле... Азыр ойлосом, кыргыздын ич күйдүлүгү, көрө албастыгы качан бүтөт?!. Биз бир келген мыкты талантты баалап-барктап албаппыз. Андан жакшы сөзүбүздү аяппыз. Тарыхта бир келчү талант эле, Бекин Сейдакматов деген ысым кайра жаралбайт. Эми Бекиндин ысымын өз убагында бааланбаган кайран талант деп гана эстей алабыз.
КРнын эл артисти Жамиля Сыдыкбаева:
“Роль аткарып жатса кадимкидей ыйлагам...”
- Бекин Сейдакматов театрда дагы унутулгус ролдорду аткарган экен...
- 1972-жылы Ош кыргыз драм театры жаңыдан ачылгандан бери Бекин Сейдакматов дагы биз менен кошо иштеп калды. Бекинди ошондо биринчи жолу тааныгам. Анын Кудайдан берилген талантына сөз жок. Актёрлукка бой-келбети да келишкен, өң-түсү көрктүү, коңур үнү дагы ажайып эле. Фактурасы абдан сахнага ылайык, бардык амплуада ойной билчү. Тубаса азили күчтүү, өтө шайыр мүнөзү бар эле. Мен анын биринчи эмгеги Бакы Өмүралиевдин “Жаңырык” спектаклинде каарманы Мажит абышканы зор чеберчилик менен аткарганын көрүп суктанганым эсимде. Анын аткарган ар бир ролу өзүнчө сөз кылууга татыйт, бирин-экин мисалга алсак, Бакы Өмүралиевдин “Жүз катын” спектаклинде абышка Мажитти, Токтоболот Абдумомуновдун “Абийир кечирбейтинде” Сейитти жана башка мыкты образдарды ойногон эле. Менин жеке оюмда, Кудай берген талантын Бекин өзү барктай алган жок. Мурза Гапаровдун “Кадыр түн” спектаклинде (койгон режиссёр Искен Рыскулов) каарманы Артыкты Бекин зор чеберчиликте ойноп койгон. Айрыкча экөөбүздүн беттешкен жерибизде жасалмалуулук жок, ички дүйнөсүнөн чыгара биле боёкторду дагы түрлөп берчү. Мен аны далымдан да сезип жаттым, ролуңдун мыкты чыгышы партнёруңдан көз каранды. Мына ошол спектакль ошол учурдагы мыктылардан эле. Бекин тасмада дагы, сахнада дагы бир топ ролдорду жаратты, бирок аябай эсте калганы Мелис Шаршенбаев койгон Надор Думбадзенин “Мен күндү көрүп турам” спектакли. Бежан деген айылдын келесоо чалыштын ролун аткарган. Ушундай сонун ойногону - Бежан каза болгон жери сөз менен жеткире алгыс күчтүү сахна эле. Бекин ойноп жатканда спектакль экенин унуткара ишенип алып сыйкыр чеберчилигинен кадимкидей ыйлагам. Кээ бир көрүүчүлөр ошол спектаклге Бекиндин ойногонун көргөнү келчү. Жарым саат эл “браво!” деп кол чаап турушчу. Анын адамгерчилиги менен таланты бир калыпта эле. Ажалга айла жок экен, чыныгы таланттуу актёрубуз Бекин Сейдакматовду жашоодон эрте алып кетти.
Актёр Эмиль Борончиев:
“Анын адамгерчилигинде сөз жок...”
-Адам жүрүшү бир түрү болсо, андан бүтүндөй айырмаланганы бул жан дүйнөнүн жүрүшү эмеспи. Бекин Сейдакматовдун жан дүйнө жүрүшү анча ачылбастан өзү менен кошо кете бергенби...
- Бекин Сейдакматов мен үчүн кино дүйнөсүндөгү устаттарымдын бири. Кино тармактын сырлары менен бөлүшүп, тасма жолу татаал жол экендигин мыкты түшүндүрө турган. Улуу устат, СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин “Эрте келген турналар” тасмасындагы Бешкемпирдин ролунда кандай гана шайыр, оюнга тойбогон бала кыял мүнөздү берсе, көшөгөнүн артында ал кадыресе олуттуу, камкор, боорукер эле. Тасмага тартылып жүргөнүбүздө “ой, жигит, курсагыңды жакшылап тойгузуп ал” деп кам көргөн камкордугу эсиме түшөт. Экрандан тышкары такыр башка адам, анын көзүнө тигилсең жан дүйнөсүн кыйнап келген, тээ түпкүрдө удургуп тынчтык бербеген бир кыжалаттыкты муңдуу көз карашынан байкачумун. Жаш болсом дагы ошону баамдай билчүмүн. Мына ошол эпизоддогудай “...кана эмесе коштошолу!” деп, ал эми жашоодо дагы коштошконго үлгүрбөй кете берди. Ошондо мен байкаган жан дүйнөсүндө буркан-шаркан болгон ички сыры ачылбай кеткендей сезиле берет. Ичинде кымындай кири жок, адамгерчилик мүнөзүнө сөз жеткис жакшы адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Аттиң дүйнө!
Актриса Дилбара Мийникеева:
- “Бекиндин таланты 99% болсо, эмгеги 1 % эле...”
- "Экранда соңку кадрдай, сахнада алгачкы чыккандай элдин эсинде кал" деп бир атактуу актёрдун айтканы бар экен. Сейдакматовдун эки сферада роль жаратканы туурасында кеп салсаңыз...
- Бекиндин таланты 99% болсо, эмгеги 1 % эле... Ал эки сферада тең жогорку профессионалдуулугун көрсөтө алган. Экрандагы кесипкөйлүгү өзүнчө кеп. Ал эми театрдагы чеберчилиги башка кеп.... Андан калса Бекин ар тараптуу талант эле. Анын “Солдаттын тагдыры”, “Ак чардактар ыйлашат”, “Сапарлашыма” аталыштагы пьесалары ошол учурдагы мыктылардын мыктысы деп тандалган. “Мыскыл жана тамаша” долбоорунда дагы Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов, Мукамбет Токтобаевдер менен биргеликте иштешип, бир топ сатиралардын автору болгон... Тагдыр экен, кыргыз искусствосундагы үлкөн талант Бекин Сейдакматов менен бирге түтүн булатып калдым. Ортобузда бир кыз, эки уулубуз бар. Балдарын үзүлүп түшүп эркелетчү. Бакыт менен Каныкейге шахмат үйрөтүп, бир топ кароо сынактарга катышып да жүрүштү. Элдер шахматисттин балдары деп коюшар эле. Балдарына убакыт таап, шахмат сабагы, “Манас” сабагы, арифметика сабагы деп сабак өтүп калган күндөрү да болгон. Кинорежиссёр Жали Сооданбектин тасмасында үй-бүлөбүз менен роль аткарганбыз.
Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым Бакытымды, Каныкейимди сагынамын,-деп ырдай берчү. Ошол бизден узап кетерин билгендей, тобо... Кызыбыз Каныкей дагы кайтыш болуп калды... Бекин өзү жазып алган мыйзамы менен жашаган бир башкача талант болчу. Ал убакта жылдыз деген түшүнүк жок эле. Элдин сүймөнчүгү болгон мыкты актёр деп эле аташчу. Бекин Алматада окуп жүргөндө казактын атактуу актёру Нурмухан Жантуриндин колунда окуп калган. Бирок окуусунун аягына чыкпай дипломун да албай калды. Өз мейкини менен жашап, өз дүйнөсү менен кошо узап кете берди. Мезгилден эрте кош айтышып кете бергени менен анын жараткан образдары элинин эсинде түбөлүккө кала берет.
Динара Асылбекова
Булак: "Жетиген"