www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБдин №3 милиция бөлүмүнө белгисиз адамдар кол салышты. Окуя 11-январда болгонун жергиликтүү ММКлар жазышты.

Саат 16:10 чамасында Октябрь РИИБге 102 кызматы аркылуу ошол аймактагы турак үйдө мушташ болуп, адам сабалганы маалымдалган. Аталган дарекке милиция кызматкери жөнөтүлүп, бирок ал факты такталган эмес.

«Ал үйдүн кожойкеси маалымат берүүдөн баш тарткан. Ошол учурда №3 милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты С.Э. материал топтоп жатканда үй ээсинин туугандарынын бири артынан келип, бычак менен төшкө саюуга аракет кылган. Милиционер дароо коргонуп, бирок бычактан жаракат алды (колу)», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Көп узабай шектүү кармалып, ал кожейкенин күйөө баласы — 1959-жылы туулган К.В. экени такталган. Ал эми жаракат алган милиция кызматкери ооруканага жаткырылды.

Бул окуя кызматын аткарып жүргөн адамга кол салуу фактысы менен катталып, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми шектүү катары кармалган адам 2 айга убактылуу камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости