www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков өзү баштаган иштердин курмандыгы болду. Башкача айтканда, анын аракетин, эмнеге жөндөмдүү экенин жакындан билгендер Атамбаевдин мезгилинде ишке ашырган коррупциялык схемаларды Максим Бакиевдин доорунда эле баштаганын айтышат. Ал тургай, Акүйгө кетчү жолду көрсөткөндөрдү да иши илгерилеп, жетекчилеринин ишенимине киргенден кийин тааныбай тескери пикир айтып, капа кылган дешет.

Бүгүн Сапар Исаков 20 жылга камалып калышы мүмкүн деп боорубузду ачыганы менен Кыргызстанга тийгизген зыянын көз жаздымда калтыра албайсың. Ал саясий куугунтук деп ак жеринен күйүп жаткан адамдай таасир калтырганы менен анын күнөөсүнүн баары далилденип, абакка кесилүү мөөнөтү жакындап калды. Сапар Исаковдун абалы бүгүн коррупционерлер Кыргызстанда жашарып баратканын далилдейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости