www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тойота Авенсиc” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болгон.
Ал эми эки машиненин айдоочулары оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала тергөөнүн маалыматында “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени айтылып жатат. Бирок милициянын аты-жөнү, кызматы ачык айтыла элек. Учурда Бишкек шаардык милициясы факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады.
Социалдык тармактарда бул жол кырсыгынын видеосу тарап, анда рулда отурган милиция кызматкерине сын-пикирлерди жазышууда. Ал эми кырсыктан каза болгон жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экени айтылып жатат.
Расмий маалымат боюнча 2018-жылда 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган.
Булак: NazarNews.kg