www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызматкери 2019-жылдын 22-декабрь күнү Кулатов көчөсүндө жайгашкан Live Bar караоке-клубунда атышуу уюштурган.
Белгилүү болгондой, түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адам достору менен башка топтун балдары болуп чатакташкан. Окуя учурунда мас балдардын бири кобурасынан Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын алып чыгып, каршылаштарынын биринин башына такап ок чыгаргандыгы маалым болду. Бактыга жараша каршылашы убагында башын ала качып аман калган. Андан соң, тапанча менен кол салгандар изин суутуп качып кеткенге үлгүрүшкөн.
Кийинчерээк маалым болгондой тапанчадан ок чыгарган адам 25 жаштагы Октябрь райондук криминалдык милициясынын Э.Ы аттуу кызматкери болуп чыккан.
УКМКдан маалымдагандай, Live Bar караоке-клубунун алдындагы атышуу боюнча “Бейбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Анын жүрүшүндө, 22-декабрь күнү таңкы саат 04:00 чамасында Октябрь РИИББнин криминалдык милициясынын Э.Ы., Р.С. жана К.А аттуу кызматкерлери мас абалында Live Bar караоке-клубунда мыйзам бузучулукка баргандыгы аныкталды. Ал эми Э.Ы өзүнө бекитилген табелдик куралын бейбаштык менен колдонгон. 13-январь күнү ага “Бейбаштык” беренси боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлүп, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынган.
Булак: NazarNews.kg