www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эттин баасы коңшу Өзбекстанга тирүү малды экспорттоого уруксат берилгенден кийин көтөрүлө баштаган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, малды экспорттоого тыюу салынганына карабастан эттин баасы мурунку калыбына келбей жатат.

«Бул табигый нерсе, анткени баалар көтөрүлүп кеткенде аны кайра түшүрүү кыйын. Ошондой эле, этти БАЭ экспорттойт, бул дагы эттин баасына таасирин тийгизет», - дейт ал.

Кармышаков эттин баасынын жогорулашын малдарга берилчү жемдин кымбатташы менен түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости