www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Шайлообек Атазов спортчуларга кайдыгер мамиле жасалып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ушул жылы Япониянын Токио шаарында жайкы олимпиадалык оюндар өтөт. Ага дүйнө жүзүндө 5 миң 151 спортчу катышат, буга алар кызуу даярданууда. Биздин мамлекеттин атынан катыша турган спортчулардын абалы машыктыруучуларлдын айлыктары, тамак-аш, витаминдер мактанарлык эмес. Жалпы Кыргыз өлкөсүндө бир гана спорттук дарыгер бар экен. Олимпиадага даярданып жаткан спортчуларды колдошубуз керек. Өкмөт тарабынан бул оюндарга 106 миллион сом каралыптыр, бирок бүгүнкү күнгө чейин 16 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнүптүр. Маселе чечилбей жатыптыр", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости