www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияда AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартты

Данияда мындан ары коронавируска каршы эмдөөдө AstraZeneca вакцинасы колдонулбайт. Мындай чечимди өлкөнүн саламаттыкты сактоо департаменти кабыл алганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дания бул вакцинадан баш тарткан Европадагы биринчи өлкө болуп калды. Буга чейин өлкөдө эмдөөдөн өткөн бир нече адам каза болгон. Андан бери Pfizer / BioNTech жана Moderna компанияларынан алынган вакциналар өлкөнүн эмдөө өнөктүгүндө колдонулуп келе жатат.

Мындан тышкары, Австрия, Люксембург, Норвегия, Италия, Швеция, Финляндия жана башка көптөгөн өлкөлөр AstraZeneca вакцинасынан убактылуу баш тартканын жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости