www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын мигранттардын жана бизнесмендердин эсебинен алууну пландап жатат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Мен Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен эки ирет жолуктум. Сүйлөшүүлөр уланууда. Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукканда бул тууралуу сөз кылган. Биз 500 миң доза сураганбыз, алар макул болушкан. Бирок азыр көпчүлүк өлкөлөр «Спутник V» дарысынын эффективдүүлүгүн көрүп, буюртма берип жатышат. Биз кезекке турдук. Балким апрелдин соңунда же май, июнь айларында берилет», - деди Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев.

Анын айтымында, Орусиядагы мекендештер: мигранттар жана бизнесмендер «Спутник V» вакцинасын сатып алууга жардам берүүнү көздөп жатышат.

«Мен премьер-министр менен сүйлөштүм, ал макул болду. Жакын арада Орусиядагы мекендештердин эсебинен вакцина алууну пландап жатабыз», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости