www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн ооз ачар уюштурду.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги, православ жана католик конфессияларынын дин кызматкерлери катышты.
Кечени ачып жатып, Министр Ж.Кулубаев конокторду ыйык Орозо айынын урматына куттуктап, анын руханий тазалануунун, боорукерликтин жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бекемдөөнүн мезгили катары маанисин белгиледи. Орозонун принциптери катары эсептелген сабырдуулук, тилектештик жана адилеттүүлүккө умтулуу заманбап дипломатиянын милдеттерине шайкеш келип, өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.
Өз сөзүндө ТИМ Башчысы эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирип, дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдарды тынчтык жолу менен, жалаң гана саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу жөнгө салуунун маанилүүлүгүн да белгиледи.
Иш-чаранын соңунда министр катышуучуларга тынчтык, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалап, достук менен кызматташуу мындан ары да чыңдала берерине үмүт артарын билдирди.