www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграция каналынын кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК 2026-жылдын 16-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы боюнча каналдын уюштуруучусу жана анын шериги болгон А.М. жана И.Т.В. аттуу жарандарды кармады.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы медициналык маалымкаттарды жасалмалоо жана сатуу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 16-мартта Бишкек шаарында УКМК тарабынан Пакистан Ислам Республикасынын жараны А.М. кармалды. Ал пакистандык жана бенгал улутундагы чет өлкөлүк жарандарга иш жүзүндө медициналык кароодон өтпөстөн даяр медициналык маалымкаттарды сатып жүргөн. Аталган мыйзамсыз иш-аракетке Улуттук госпиталдын медициналык кызматкери И.Т.В. көмөк көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тинтүү учурунда А.М.нын жашаган жеринде жана И.Т.В. иштеген жеринде чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укук берген визаларды тариздөөдө колдонулуучу 160тан ашык даяр медициналык маалымкаттар табылып, алынган.

 

Последние новости