www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитетинин Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 17-мартта Аскер прокуратурасынын кызматкерлери УКМКнын Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын башчысы Б. А.ны Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча шектүү катары кармашкан.
Ал Бишкек шаардык Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун командасы менен байланышта болгондугу айтылууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, УКМКнын Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын кармалган башчысы Б. А. Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азиз Бекназаровдун бир тууганы. Ал мурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү паракорчулукка шектелип кармалгандан кийин кызматынан бошотулган.