www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министринин мурдагы орун басары Э.Т. (Эркин Тавашаров — ред.) акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Тавашаров чет элдик компанияга майнинг ишканасын ачууга көмөктөшүү үчүн 220 миң доллар сурап, азыркы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаган. Ал 20 миң доллар алып жатканын жеринен кармалган.

Тавашаровго Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

ИИМ билдиргендей, учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө

Последние новости