www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми ар бир мектепте жаш өспүрүмдөр менен иштешчү инспекторлорго кабинет ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Видеобайкоо системасын кеңейтүү талкууланды. Коопсуздукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам. Учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 КР ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышылган», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары айрым мектептерде кырдаалды билдирүү үчүн «Коопсуз баскычтары» орнотулган, келечекте алардын жалпы орнотулушу да талкууланды.

Эки министрликтин жетекчилиги жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Последние новости