www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик жаңы жылдык эс алууну узартууну сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы Жаңы жылдык майрамдарды 12-январга чейин узартуу боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Токтомдо 8-9-январдагы жумуш күндөрүн 2026-жылдын 7-февралындагы жана 25-апрелиндеги дем алыш күндөрүнө жылдыруу сунушталат.

Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 2026-жылы кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алат. Бирок, министрлик эки жумуш күнүн жылдын башка ишемби күндөрүнө жылдыруу менен майрам күндөрүн узартууну сунуштайт.

Долбоордо эс алууну узартуунун себептери көрсөтүлгөн:

- январда сасык тумоо, КРВИ менен ооругандардын санынын көбөйүшү;

- эс алуу күндөрүнүн окуучулардын кышкы каникулу менен дал келиши;

- чакан жана орто бизнес үчүн экономикалык таасир;

- энергетикалык системага жана коммуналдык кызматтарга жүктөмдүн азайышы.

Последние новости