www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин курамында Инженердик изилдөөлөр департаменти түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликтин түзүмүнө жаңыдан киргизилген Инженердик изилдөөлөр департаментинин капиталдык оңдоодон өткөн имаратына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө департаменттин директору Болот Чолпонбаев министрге капиталдык оңдоодон кийинки имаратты көрсөтүп, жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.

Инженердик изилдөөлөр департаментинин негизги миссиясы — өлкөдө жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдү:

* илимий-техникалык жактан негизделген;

* ишенимдүү жана комплекстүү;

* долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн так жана коопсуз деңгээлде аткарылышын камсыз кылуу.

Департамент капиталдык курулуш объекттеринин сапатын жогорулатууну, инженердик коопсуздукту бекемдөөнү жана өлкөдөгү курулуш иштеринин технологиялык маданиятын өнүктүрүүнү максат кылат.

Последние новости