www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белорусиянын башкалаасында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асакалиевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием өткөрүлдү. Эскерүү иш-чарасы жыл сайын Кыргызстандын Белорусиядагы Эчилиги жана аталган шаардын Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулуп келет.

Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигининин маалыматына караганда, бул иш-чарага ардагерлер, дипломатиялык өкүлдөр, КМШга мүчө мамлекеттердин Белорусиядагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук уюмдардын кызматкерлери катышты. Митинг-реквиемди ардактуу кароол, аскердик оркестр, чыгармачыл жамааттар коштоп, салют дагы атылды.

Митинг-реквиемдин соңунда Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин айкелине гүлчамбарлар коюлду. Кыргызстандын Белорусиядагы убактылуу өкүлү Айымкан Кулукеева согуш ардагерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, Улуу Жеңиш кандай баа менен келгендигин дайыма эстеп жүрүүгө чакырды.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости