www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинди багынткан таятам

Таятам кандуу согуш талаасындагы турмушу тууралуу бизге көп айтып берчү эле, анда 5-класстын окуучусу болчумун, абдан кызыгуу менен, жомок угуп аткандай берилип тыңшап тураар элек.

Таятам Абдулла Эрматов 1921-жылдын 1-январында Баткенде төрөлгөн, алты бир туугандын бешинчиси: андан улуу эжеси Уркуя, агалары Дубана, Жолдош, Эргеш, анан иниси Мисилим. Угушубузча, үч агасы согушка бирдей аттанган. Жолдош менен Эргеш дайынсыз жоголуп кеткен. Дубана согуштан жараат алып кайтып, анын кесепетинен бир айдай убакыттан кийин көз жумган. Таятама согушка чакыруу 1942-жылы келген, ошондо жаңы үйлөнүшкөн болчу, таенем жолдошунун согушка аттанып атканын талаада кетмен чаап жүргөн жеринен угуптур. Бирок, Абдулаа таятам ага да айтпай, бир туугандары менен да коштошпой кетип калыптыр.

Аларды алгач Ворошилов шаарына алып барышат. Таятамдын айтымында, 300 грамм "буханка", 1 "тушенка", анан бир кашыкты ар дайым жанында алып жүрүшчү экен. Ысыкта да, суукта да формасын чечпей, даяр турушчу. А берген тамакты шашылыш жеп, кашыкты тазала, өтүгүнө кыстарып коюшуп, "алга" дегенде жапырт көтөрүлө душманды көздөй агылып, эми аны ойлосок, чынында абдан катаал согуш болгону көрунүп турбайбы. Таятам үчүн эң оор күндөр душманды аңдып 20 күн суудан чыкпай жатышканы болуптур. Ошондо суук тийген менен, ага карабастан, госпиталга жатуудан баш тартып, согуш талаасында жүрө берген. Жыйынтыгында душманды Калининград (мурунку Кенигсберг) шаарына сүрүп, кирип барышкан. Бирок, биздин жоокерлер азайып калган. 20 чакты калышса, душмандар миңге чукул.

Ошондо алар душманды амал менен алууну чечет. Бир-биринен он метрдей аралыкта окопторду казып, мылтыктарды болсо аралыгы бир метрден кылып жайланыштырып, атууга киришет. Бир жерден атып, экинчисине чуркап барып, көптөй тур көрсөтүшөт. Душмандын "хенди хок" деген сөзүн үйрөнүп алышкан, улам аны бийик үндү созуп кыйкырып коюшат. Акыры душман чегинүүгө, багынып берүүгө мажбур болду. Жайнаган фашисттерди аз сандагы жоокер колго түшүрүп, айдап келгенде кубанып таң калгандар көп болгон.

Таятам Берлинге чейин душман кубалап барган. Андан ары Японияга чейин барган. 1946-жылы гана мекенине кайтып келген. 1948-жылы уулдуу болуп, милицияда 37 жыл иштеген. Согуштан алган жарааты кийин чыдатпай, буту баспай калып, 1999-жылы көз жумган.

Согуш тууралуу сөз болгондо эле көз алдыма таятам тартыла түшөт. Таятама окшоп канчасы согушка аттанганын, дагы канчасы кайтпай калганын ойлогондо көкүрөгүм буула түшөт. Мына ошондой катаал шартта согушуп, кан кечип бизге бүгүнкү бейпил турмушту алып келген аталарга урмат, таазим, түбөлүк даңк!

Канымбүбү АРАПОВА, Баткен району

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости