www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2019-жылдын 8-майында, Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана институттун кызматкерлери 1926-жылы туулган, 1944-1945-жылдары 389-запастык полкунун батальонундагы 7-чалгынчылык ротасынын 1-бөлүгүнүн курамында фашизмге каршы салгылашкан чалгынчы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топонбай Чотбаевди Жеңиш күнү менен куттукташты.Бул тууралуу маалыматты Акыйкатчынын басма-сөз кызматы билдирди.
Күжүрмөн эмгеги жана эрдиги үчүн Топонбай Чотбаев “Германияны жеңгени үчүн”,”Жуков” наамындагы ошондой эле Жеңиштин 50 жылдыгы, 60-жылдыгы, 70 жылдыгы юбилейлик медалдары менен сыйланган. Буга чейин ал өлкөнүн коомдук турмушуна жигердүү аралашып, “Согуш ардагерлери” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп турган.
Омбудсмендин орун басары Гүлнара Жамгырчиева аскер-куткаруучуну бизге тартуулаган бейпил турмуш, ачык асман жана жаш муунга үлгү кылып калтырган өрнөктүү, жигердүү өмүрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, аксакалга чың ден-соолук, узун өмүр каалап, Акыйкатчы институтунун атынан азык-түлүк жана акчалай сыйлык тапшырды.
93 жаштагы ардагер аксакал да өз кезегинде кыргыз элине берекелүү турмуш, өсүп-өнүгүүнү тилеп алаканын жайып батасын берди.
Булак: NazarNews.kg