www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минскте ишембиде Эркиндик күнүнө карата өткөн жүрүш маалында кармалгандарды бошотууну талап кылган уруксатсыз акциянын ондон ашык катышуучусу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди.
Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган, арасында 20дан ашык журналист бар экени кабарланган. "Жаз" деп аталган укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган. Адамдардын жапырт кармалышын АКШнын Минсктеги элчилиги айыптаган. Дипломатиялык өкүлчүлүк Беларус бийлигин кармалган демонстранттарды бошотууга чакырган.
Өлкөдө 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган "Эркиндик күнү" жыл сайын белгиленет. Бирок быйыл анын катышуучулары “бекерпоздор салыгы” деп аталган мыйзамды чакыртып алуу талабына басым жасашты. Бул мыйзамга байланыштуу Беларуста февралдан бери нааразылык акциялары өтүп келет. Андан бери демонстрациялардын жүздөгөн катышуучулары камакка алынды. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөнүн расмий түрдө иштебеген ар бир жараны жылына казынага 200 еврого жакын акча төлөөгө милдеттүү.