www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирде кайгырып, бирде терең ойго чөмүлүп ырдап, акыркы күндөрү Кыргызстандын баардык аймактарында концерт коюп, ал тургай Россия Федерациясын түрө кыдырган, ырчы Гүлжигит Сатыбековдун жаңы клиби интернетте пайда болду.

“Куса” деген ырынын клиби, жалпы 04 мүнөт 23 секунданы камтып, баардыгы 60дан ашуун кадр алмашылып, тоодо, үйдө, көчөдө тартылган. 

Клип жылдын ар кайсы мезгилинде тартылгандыктанбы айрым кадрлары башка видеокамера менен тасмага алынганы байкалып турат. Аталган клипте Гүлжигит Сатыбековдун ыры жана үнү өзгөчөлөнүп  мукамдуу чыкканы менен музыкасынын стили 90-жылдарга шайкеш.

Эске сала кетсек, элдин купулунан орун тапкан Гүлжигит Сатыбековдун орду 10 жылдан бери сахнада. Башка ырчылардан айрымачылыгы ырларынын сөзү жана обонун өзү жазат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости