www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Талант Макишович,  5-чакырылыш тарап кеткенден кийин сизди бир дагы ММКлардан көрбөй калдык эле, эмне менен алектенип жатасыз?

-Бүгүнкү күндө  өзүбүздүн чарбачылык, ишкердик менен  алектенип  жатабыз. Ошол эле убакта саясаттан дагы алыс кете элекпиз.  Мурунку  шайлоодо дагы  бир партия менен аттангам. Өткөн  шайлоодо  дагы “Ата-Мекен”-партиясынын тизмесинде баргам. Азыр менин тизмем деле келип калды.  Депутат болгонго  чындыгын айтканда көп көңүлүм келген жери жок.  Себеби депутат болбой деле башка тармакта элдерге жардам берсем болот.  Айрыкча өзүмдүн кесибим, дыйкандарга кеп кеңешим менен көмөк көрсөтүү боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз.

-“Элге депутат болбой деле жардам бере берсе болот экен”-деген пикирге 5 жыл депутат болгондон кийин келдиңизби?

-Мен депутат болгондо  партия деле кызыктырган эмес.  Азыркы парламентте олтурган  фракциялардын ичинен “СДПК” гана катарына чакырган эмес. Калганынын баары сунуш кылышкан.  Алардын ичинен “Ата-Мекен” партиясына кирип калуу себептери болгон. Ошондуктан  ушул партия менен шайлоого аттанганбыз. Мен депутат  болгондо саясатка көп деле кийлигишчү эмесмин. Өзүмдүн  кесибим, айыл чарба, ветеринардык кызматтын маселелерин  көтөрүп иштедим. 5 жыл депутат болгон учурумда  жалгыз өзүм автор болуп ветеринария боюнча  мыйзамды мен көтөргөм.  Себеби мен  бул мыйзамды 2006-жылдан бери жазып жүргөм. Бүгүнкү күндө айыл чарба, мал чарба маселелери боюнча Казакстанга, Россияга көп каттап жатам. Алар  биздин мыйзам менен тааныш экен, “абдан жакшы мыйзам, бизге  ушундай мыйзам керек, көп жагынан аксап жатабыз”-деп  мен мыйзамдын автору экенимди билбей айтышты. Бул мыйзамдын  автору мен экенимди айтсам кеп кеңеш сурап турушат. Азыр эми экономикалык аймагыбыз бир болуп калды.

-Азыр  айыл чарба, мал чарба жаатында кандай мыйзамдарды сунуш кылсам деп ойлоп жатасыз?

-Биз чыгарган мыйзамдардын ичинен малдарды идентификациялоо  маселеси абдан  кечеңдеп жатып эми гана пилоттук программа деп  ар кайсы аймактардан бирден районду алып идентификация  ишин жасайбыз деп аракет кылып жатышат. Бирок мен мындай идентификацияга башынан каршы болуп “Ар бир райондон бирден идентификация жасаганыңар туура эмес.  Бүгүнкү короп жаткан акчаны желге эле сапырасыңар”-дегем акыры мен айткандай болду.  Практика жүзүндө абдан туура эмес экенин көрүп жатабыз. Учурда Ысык-Ата районун идентификациялап жатышат.  Токмоктогу  чоң базарда  мамлекеттин туш тарабынан мал алынып келинип сатылат. Ошол эле Ысык-Атада малды семиртип саткандар абдан көп. Базар сайын  малды сатып алышат. Анан идентификация кайда калып жатат. Сатылып келинген малдар мисалы Ак-Талаадан келип жатса, ошол жактын идентификациясы менен келиш керек болчу. Азыр малдын көбү идентификациясы жок, эми карап турсаң  аралашып эле калышты.   Малга идентификация жасап жаткандан кийин Кыргызстандын баардык аймагын бирдей эле алыш керек эле.  Бүгүн өкмөткө муну айтып эле жатабыз, угушпайт.

- “Ата-Мекен”-партиясынын лидери камалып бүгүн баштарына иш түшүп кимдин ким экенин далилдеп жатышат. Текебаевдин айланасындагылардын көбү жээкке чыга беришти.  Буга кандай комментарий айтасыз?

-“Ата-Мекен”-партиясынанан депутат болгондордун же мүчөлөрдүн өзүнүн  жеке принциби бар.  Лидерге өтө берилип кеткендер деле арасында жок эмес. Мен дайыма мыйзам жагындамын.  Эгерде ким  депутат, өкмөт мүчөсү, лидер, президент, башкы  прокурор болсун мыйзамды бузса жазасын алсын. Мыйзамдын алдында баарыбыз бирдейбиз.  “Текебаев миллион доллар алыптыр”-деп азыр күнөөлөп жатабыз. Бирок чын эле алгандыгын азыр  эч бир сот далилдей элек.  Алганын сот далилдесе мыйзамдын чегинде жазасын алышы керек. Ага чейин алдын-ала күнөөлөп жатканыбыз туура болбойт.  Ата-Мекендин көп мүчөлөрү кимди болсо эле камаш керек,  жок кылуу зарыл деп  айтышчу. Адамды камаш керек деп айтканга эч кимдин укугу жок. Күнөөлүү адамды  соттош керек деп айтканыбыз туура. Ал эми  “Ата-Мекен”-партиясынын айланасында  көп морадёрлук, ар кандай сөздөр айтылып жатат. Эгер мунун баары чындык болсо мунун баары уят нерсе.  Мен бүгүн дагы кайталайм бул партиянын мүчөсү дагы эмесмин. Тизмесинде гана бармын.  Кайсы гана партияга барбайын эгер ошол партиянын элдин алдында күнөөсү болсо мен мыйзам чегинде жазаланышын каалайм.  Ошондой өңүттө биз сыйлаган  Өмүрбек Текебаев деле  “мыйзамсыз иш кылса жазасын алыш керек”-деп айтышчу. Бүгүнкү күндө аны камаганы өзүнө пайда.  Ал эгер ак болсо акталат, эгер өзүн-өзү актай албай баары далилденип калса  анда албетте жоопкерчилигин тартуусу керек. Башкаларды күнөөлүү дегенде жакшы айтабыз,  бирок өзүбүздүн башка келгенде акмын дегенибиз туура эмес.

-“Ар-Намыс” фракциясынын  башчысы, мурунку лидериңиз Феликс Кулов менен азыр деле саламыңыз түз болсо керек?

-Феликс Шаршенбаевичти мен абдан сыйлайм. Лидерибизди  5 жыл ичинде абдан көп жакшы жактарын көрдүм. Ушул кишиден  көп жакшы нерселерди үйрөндүк. Массалык маалымат каражаттарына ал киши жөнүндө көп айтышат. Бирок мен партиясынан депутат болуп  Феликс Шаршенбаевичтин айкөлдүгүн, кечиримдүүлүгүн көрдүк.  Аскар Акаев муну соттоп, 5 жыл түрмөгө олтургузуп койбоду беле.   “Акмын деп акталып чыктыңыз, бирок соттолгондугуңузу жоюлду. Аскар Акаевге карата ичиңизде кек калдыбы?”-десек эч кимге кегим жок. Соттогон сотторго, каралаган тергөөчүлөргө, Аскар  Акаевге да эч кандай капалык кылбайм. Мунун баары менин маңдайыма жазылган нерсе экен, баары өтүп кетти дечү.  Айкөлдүгү бар, чыгаан инсан деп эсептейм.

-Эмне үчүн  анда азыр Феликс Куловдун эмес,  Текебаевдин  партиясынын тизмесинде жүрөсүз?

-Мен башында айтып кетпедимби, мен эч бир партиянын мүчөсү эмесмин. Бирок тизмелерине киргенмин.  Ошол эле партияда иштеген лидерлер, башкалары дагы билет, өзүм башында айттым көп партиялар мени чакырган. Себеби электорат, каражатыңыз бар экен, жардамдашыңыз дегенинен “Ата-Мекенге” көп кеңешүүлөрдөн кийин киргем. “Ата-Мекен”-партиясына киргениме айланамдагы  адамдардын баары каршы болушкан. Башында мен “Кыргызстан” партиясына киргем. Мен бир сөздөн алдыртып койгон жерим барю Тээ Барскоондун башында, Кумтөрдүн тегерегинде бир көпүрө бар. Сырт өрөөнүнө кетет, узундугу 70 метр.  Ошол көпүрөнү салалы деп депутат кезимде көп маселе көтөрдүм. Эми чындыкты айта берейин. Ошол көпүрөнү сала турган өкмөттөгү жоопкерчиликтүү адамдар “Ата-Мекен” фракциясынын өкүлдөрү экен. Ошол жерден “көпүрөнү биз салып берели, сиз эмки шайлоодо биздин партия менен барыңыз”-деп калышты.  Деги эмне болсо да көпүрөнү бүтүргүлө кайсы партия болсо да барам деп колумду берип койгом. Кийин көпүрөнүн ачылышында  “өзүңүз кол бербедиңиз беле? Эми болсо  “Кыргызстан” партиясында  жүрөсүз, келиңиз биздин партияга”-деп ата-мекенчилер тартып кетишкен.  “Болуптур анда,  силер менен барайын, кол бердим эле”-деп сөзүмдөн  кайра кайтпайын деп “Ата-Мекен” партиясы менен шайлоого кеттим. Бүгүнкү күндө шайлоо өттү, көп каражат жумшадык.  Өзүм тизмеде  мына-мына депутат болом деп турам. Бирок менин “Ата-Мекен”-партиясына  кичине таарынычым бар.  Шайлоо бүткөнүнө 2 жыл болуп калды.  Бизди бир жолу чакырып “кандайсың? Эмне болдуң? Абалың кандай?”-деп акыбалыбызды  сурап коюшкан жок. Суммасын айтпай эле коёлу өтө чоң каражаттарды жумшадык.  “Ата-Мекен” партиясы бүгүн бизди пайдаланып, эртеси таштап коюшту.  Мен алардан кызмат сураган эмесмин, кереги да жок.  Эч болбой калды дегенде  чакырып адамкерчилик катары абал сурап койсо  биздин да ичибиз муздамак эмес.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости